Эмил Балтагулов - Ичпечи апа Жалынам апа, сагынам апа, кагылам апа. Тартынбай тике тиктечи апа, Таалайдын жибин үзбөчү апа. Чыйралып тике тиктечи апа, Чындыктын жибин үзбөчү апа. Каралдым,жаным,көкүрөк каным, Кулунуң менмин, курудум келдим. Ичпечи апа, суранам сенден, Ичпечи апа. Суранам сенден, суранам апа, Сүйүнткөн кайда убадаң апа? Эркелеп моюн созо албай аттиң, Элдерден катуу, уялам апа. Акыл ой ката, ала албай бата, Кудайдын таза келбесин жаза. Ичпечи апа, жалбарам сенден, Ичпечи апа. Билбеймин кандай тунуктук апа, Бир үйдө батпай уруштук апа. Кумкунду ойлоп атабыз башта, Кудайдын жолун унуттук апа. Булуттуу таның, бузулуп каның, Чыркырайт жаның, жыкса да жаның. Ичпечи апа, сыздатып мени, Ичпечи апа. Тагдырың мынча тар беле апа? Таалайың кумар жар беле апа? Ак жүзүң неге бозорот айтчы? Аракта өчүң бар беле апа? Уланып жарам, ууланып барам, Түмөндөп санаам, түгөнүп барам. Ичпечи апа, боздотуп мени, Ичпечи апа. Арманым кантип, айтпаймын апа, Арактан кантип сактаймын апа? Адалдык жолдон, алыстап качсаң, Ак сүтүң кантип актаймын аа? Бакытың самап, балдактай таяп, Боор эттен күткөн балаңды аяп, Ичпечи апа, суранам апа, Ичпечи апа. Кусурлуу жакка, кетпечи апа, Кудайдын жолун беттечи апа. Кымбатым сенден, айрылгым келбейт, Кыямат күнүн, эстечи апа. Айыкпас шору, азгырган сону, Шаштырган арак, шайтандын жолу. Ичпечи апа, жалбарам апа, Ичпечи апа. Асылым менин, асылым апа, Айланган алтын казыгым апа. Уулуңдан арак, артыкпы айтчы? Ушуга жетпейт, акылым апа. Көп ойлор тооруп
...